Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан мааракеде 31 чакырым аралыкка, тагыраагы Байтик айылынан Чуңкурчакка чейин ат чабыш уюштурулду.
Анда саяпкерлер таптаган мыкты күлүктөр чабылды. Ал эми башкы байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир коюлган.
Ат чабыштын жүрүшүндө аргымактардын бири марага аз калганда мүдүрүлүп жыгылып, үстүндөгү чабандес аттын башынан алыс кулады.