Казакстандын президенти кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

“Эгемендүү өнүгүү жылдарында Кыргызстан мамлекеттик курулушта, саясий жана социалдык-экономикалык жаңыланууда, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатууда зор натыйжаларга жетишип, маанилүү кайра курууларды башынан өткөрдү. Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин астында кыргыз эли мындан аркы өсүүнү камсыз кылуу, заманбап жана гүлдөп өнүккөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыраарында шек жок.

Казакстан Кыргызстандын жетишкендиктери менен чын жүрөктөн кубанат жана биздин достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо байланыштарыбызды мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берет. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы горизонтторду ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбызды динамикалуу өнүктүрүүгө сапаттуу дем бере аларыбызга ишенем”, - деп айтылат куттуктоо текстинде.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго боордош Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан