Камчыбек Ташиевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы берилди

УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

"Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан