Садыр Жапаров улуттук программаны бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

"2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа тиркемеге ылайык бекитилсин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин улуттук программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты президентинин администрациясына берип турсун",- деп жазылат анда.

Улуттук программа мамлекет башчысынын “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында токтом кылынгандыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан