Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директорун кабыл алды

Бүгүн, 1-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда учурдагы биргелешкен долбоорлор жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Сауд Арабиясы менен кызматташуунун бардык багыттарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө артыкчылык берерин, Сауд өнүктүрүү фонду өлкөнүн стратегиялык каржы өнөктөшү катары караларын белгиледи. ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө бир катар долбоорлорду ишке ашыруу менен колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Султан Аль-Маршад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Сауд Арабиясынын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун саламын жеткирди. Ал бүгүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бир мектептин ачылышына катышканын, ошондой эле бүгүн Бишкек шаарындагы балдар үчүн медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу пландалып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан