25-ноябрда боло турган элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Бишкек шаарынын курултайы 10-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” токтомунун долбоорунда айтылат.
Анда курултайга барчу делегаттар тандалары жана шаар мэри 2022-жылдын биринчи жарымында жасалган иштер тууралуу отчёт берери айтылат. Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 16-августта “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.