Биз социалдык тармакта

Башкы прокурор Ноокат эли менен жолугушууда ар бир маселе мыйзам чегинде караларын убадалады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары менен жолугушту. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында жарандардын жеке укуктук маселелери, коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык көйгөйлөр, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу айтылды.

Башкы прокурор өз сөзүндө, прокуратура элдин ишенимин кайтаруу аракетинде экендигин, ар бир көтөрүлгөн маселе мыйзам чегинде объективдүү караларын айтты. Ошондой эле тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын, арыздарды жеке өзү көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирди.

Жолугушууга Ноокат районунун аймактарынан келген 500гө чукул тургундар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Almaz
2022-09-07 18:07:00
Эртереек кыймылдасаңар болот эле,баягы эле "экстердин"мыйзам чегинде чара көрөбүз,карайбыз,өзүм көзөмөлдөйм деген эле дежур сөздөрдү сүйлөй бербей...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан