Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөрдүн" айланасындагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинен маалымат беришин талап кылды.
Депутат Шайлообек Атазов "Кумтөр" боюнча элдин үмүтү акталып жатабы деп суроо салды.
"Мына Кыргызстандан 19 тонна алтын чыкты делип жатат. "Кумтөр" Кыргызстанга өтсө сырткы карыздардан кутулабыз, эми бакубат жашайбыз дегенбиз. Бүгүнкү күндө "Кумтөр" кандай келишимдин негизинде жана кандай иштеп жатат? Теңиз Бөлтүрүк эмне үчүн жумуштан алынды? Эсеп палатасы кандай текшерүү жүргүздү эле? Бүгүнкү күндө президенттин, элдин үмүтү акталып жатабы? Биз маалымат алышыбыз керек болууда. Теңиз Бөлтүрүк менен Улуттук банктын төрагасы келип маалымат берсин. Биздин шайлоочуларыбыз канча киреше түшүп, иш жүрүп жатканы тууралуу сурап жатышат",- деди Атазов.
Ал эми Исхак Масалиев өз кезегинде президент Садыр Жапаров июль айында "Кумтөр" боюнча толук маалымат берүүнү убада кылганын эске салды.
"Кумтөр" маселеси боюнча президент июль айында маалымат берем деген. Азырынча учкай гана маалымат алдык. Бул маселе курч болуп турат, чын эле депутаттар билишибиз керек. Эмне болгонун, канча пайда таап, канча зыян тарттык? Бирок иштин баары бир эле Бөлтүрүктө эмес, ал жөн гана бир аткаруучу. Келишимге кол койгон "Кыргыз алтындын" жетекчиси азыр кызматтан кеткен, ал кишини дагы жана башында катышкан бардык кишилерди чакырып, толук маалымат алышыбыз керек", - деди Масалиев.