Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министри кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоо сунушу каралууда.
Белгилесек, Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова 23-августта дайындалган.
Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо боюнча комиссиясын жетектеген жана президент тарабынан сунушталып, БШКнын мүчөсү болгон.