Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан