Депутат оң рулдуу унааларга уруксат берүүнү демилгеледи

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүүгө салынган тыюуну алып салууну демилгеледи.

Шайлоочулар менен жолугушканда оң рулдуу унаалар боюнча маселе көтөргөндөр көп болууда. Кыпгызстанда 1 миллиондон ашуун авто унаа болсо, алардын көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен, аны оңдотом деп эле акчаңдын баары эле ошол жакка кетет. Мындан сырткары унаалардын баасы көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу жарандарыбыздын транспорт каражаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салууну алып салсак, жарандарыбыз унааларын жаңылап алат эле. Андан сырткары бюджетке бир топ киреше түшмөк",- деди эл өкүлү.

Султанбекова бул боюнча мыйзам долбоору даярдалганын,жакындаТранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында караларын айтып, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытовго Министрлер комитети колдоп же колдобой тургандыгы тууралуу бир беткей пикирин билдирген корутундусун берүүсүн суранды.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда маалымат жыйында
өлкөдө оң рулдуу унааларды каттоого каршы экендигин билдирген. 26-апрелде айрым депутаттар тарабынан демилгеленген оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүгө уруксат берүү мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында колдоо таппай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан