Жусупбек Коргонбай уулу 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

14 жашка чейинки өспүрүмдөргө телефон колдонууга тыюу салуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында сунуштады.

“14 жашка чейинки өспүрүмдөргө телефон колдонууга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштайм. Азыр технологиянын өнүккөн кези. Эгерде баламды таппай калам десең чип орнотуп кой. Телефондун ичинде эмнелер гана жок. Коомубуздун тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейин телефон колдонууну мыйзамдуу түрдө тыюу салып койсок”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан