Мындан ары пенсия төлөмдөрү үчүн жыл сайын 90 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармакка жазды.
“Менин тапшырмам менен министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тарта жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 миллиард сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард сом бөлөбүз. Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз. Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат”, - деп жазды мамлекет башчысы.