ЖККУнун кезектеги жыйынында Азербайжан-Армения чек арасындагы кырдаал талкууланды

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кезексиз сессия армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды.

Жапаров Кыргызстан ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи.

Президент кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеп, эки тарап мындан ары да күч колдонуудан алыс болуп, өз ара бардык пикир келишпестиктерди Армения менен Азербайжан ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан