Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков тажик-кыргыз жаңжалына тез арада чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Кыргыз-тажик чек арасынан дагы кабар келүүдө. Чек арада ок чыкты, тажик туугандар дагы кылыгын баштады деген. Эгер ушул чын болсо, башка иштерди жыйыштыра туруп, ушул маселени талкуулайлы. Жардам керек болсо берели. Чукул бир аракет кылбасак, бул өнөкөткө айланып баратат",- деди Кадырбеков.
Чек ара кызматы бүгүн коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери мурда жетишилген макулдашууларын бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеп алышкандыгын жана кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү талабына көңүл бурбай, ок чыгарганын кабарлады.
Буга жооп катары кыргыз чек арачылары да курал колдонушкан. Атышуу башталып, анын жүрүшүндө тажик тарап миномётторду колдонгон. Саат 9:30га карата ок атышуу мезгил-мезгили менен орун алууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кеткендиги айтылды.