Өлкө башчы Садыр Жапаров Жоламан Шаршенбековдун Дүйнө чемпиондугунун финалдагы жеңишин ЖККУнун жыйыны башталар алдында укту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Президент жаңылыкты угары менен жылмайган.
Кечээ, 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында экинчи Дүйнө чемпиону болду. Ал финалда болгариялык Эдмонд Назарян менен кез келип, 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.