Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов "Кумтөр" кенинин айланасында болуп жаткан окуялар боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду парламентке чакырып, маалымат алууну сунуштады.
"Бирөө миллиард сомду жеп кетти деп кармалды. Кечээ эле асманга көкөлөтүп, кыйын ишкер деген адам бүгүн кармалып отурат. 19 тонна алтын боюнча бүгүнкү күндө ар кандай маселелер айтылууда. Акылбек Жапаровду да чакырып, ошол боюнча сурасак болот эле. Миллиард сом деген - бул чети эле. Булардан мындан да көп маселелер чыкканы калды. Бүгүнкү күндө "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгү кандай жүрүүдө? Эртең катастрофа болуп, иштебей калбайбы? Ушулар боюнча сурап койсок жакшы болот эле”, - деди Икрамов.
Эске салсак, Башкы прокуратура кечээ "Кумтөр" ишканасын текшерүүнүн жыйынтыгында, болжол менен мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын жана үч кылмыш иши козголгондугун кабарлаган.
Ошондой эле башкы көзөмөл органы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалганын билдирген.