Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду отставкага кетирүүнү сунуштады. Ал "Кумтөрдү" башкарган Теңгиз Бөлтүрүк мамлекетке 1 миллиард сом зыян келтирди деп айыпталып жатканын айтып, ага ишенген жетекчиси да жооп бериши керектигин билдирди.
"Башынан эле Бөлтүрүккө бир топ активисттер, депутаттар “ишенбейбиз” деген болчу. Ал эми Акылбек Жапаров “жок, таза иштейт” деген. Демек, таза иштейт деген өзү дагы жоопко тартылышы керек да, анын ишенген кишиси уурулук кылса, ээси да жооп бериши керек", - деди ал.
Масалиев баш мыйзам боюнча кызматтан четтетүү боюнча президентке сунуш берүүгө депутаттардын укугу бар экенин айтып, депутаттарды ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп көрүүгө чакырды жана кетиреби же жокпу президент өзү чече турганын кошумчалады.
Эске салсак, Башкы прокуратура кечээ "Кумтөр" ишканасын текшерүүнүн жыйынтыгында, болжол менен мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын жана үч кылмыш иши козголгондугун кабарлаган.
Ошондой эле башкы көзөмөл органы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалганын билдирген.