Атазов Раим Матраимов мамлекеттин экономикасына жардам бергендигин айтты (видео)

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев буга чейинки мамлекет башчыларынын президенттик кызматты аркалап турган маалындагы калпыстыктарын айтып, аларды өмүр бою мамлекеттин эсебинен камсыздоону жокко чыгарыш керектигин билдирди.

"Мурдагы президенттерге эч кандай жеңилдиктердин кереги жок. Алар эмне кылгандыгы үчүн мамлекеттин эсебинен камсыздалышы керек? Экс-президенттерге пенсиядан башка эч кандай жеңилдиктер берилбеши керек", - деди Токторбаев.

Андан соң Шайлообек Атазов чыгып, кесиптешине мамлекетти башкарган адамдарын аты аталганда адилеттүү мамиле жасалышы керектигин белгилеп, Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда өлкөнү Асылбек Жээнбеков менен Раим Матраимов башкарган деген билдирүүсүн сынга алды.

"Асылбек Жээнбеков кызматка келгенде Раим Матраимов иштен кеткен эле. Ал болгону бир бажыда орун басар, полковник болчу. Ал киши мамлекетти башкардыбы же башкаруусуна жардам бердиби? Матраимовду социалдык тармакта каралай берип, Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жатып бүгүн "Дордой", "Кара-Суу" базарларын отургузушту. Жакшылап текшерип көрүңүзчү, Раим Матраимов өлкөнү башкарбай эле мамлекеттин экономикасына жардам берген болушу мүмкүн", - деди Атазов.

Атазов Раим Матраимов мамлекеттин экномикасын жардам бергендигин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан