Кечээ, 17-сентябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасындагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифинг өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.Өз кезегинде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга колдоо сөздөрүн билдиришти, жана ошондой эле азыркы аскер-саясий жана гуманитардык кырдаалга тынчсызданууларын билдиришип, Кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдошту.
Мындан тышкары, алар Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде Кыргызстандагы БУУнун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.