UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко кыргызстандыктарды колдоо иретинде социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
"Ар бир түндүн атаар таңы бар. Керек болсо эң оор кырдаалда да үмүттүн шооласы болот. Мен оор учурда кайдыгер карабай бир муштумга түйүлгөн элимди жакшы көрөм. Биздин күч биримдикте жана ынтымакта. Биз муну ар дайым далилдеп келебиз. Дүйнө жүзүндө тынчтык болсун", - деп жазган.