Садыр Жапаров: "Армиябыз катылгандын катыгын берүүгө жетилди"

Кыргызстандын армиясы барган сайын жетилип, катыгандын катыгын берүүгө жетилди. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров түз эфирде билдирди.

"Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет.

Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат.

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан