Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барды. Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан