"Вам скучно, да?". Токторбаев жыйында кулакчын тагынып отурган вице-мэрге сын айтты

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Олег Попиковдун жыйын учурунда эмнеге кулакчын тагынып отурганына кызыкты.

Токторбаев Попиковго "Сизге зеригичтүү болуп жатабы? Музыка угуп отурасыз" деп суроо салды. Депутатка вице-мэр музыка укпагандыгын, котормочу-кулакчын (наушник-переводчик) тагынып отурганын айтты. Ага Токторбаев кыргыз тилин үйрөнүүгө убакыт келгендигин эскертти.

ЖК Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан