Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов Баткен жергесине жөнөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдардын отчётун алуу маселесин көтөрдү. Буга эл арасында ишенбестиктер пайда болуп жаткандыгын жүйө келтирди.
"Эл чогулутуп берип жатат, бирок аягына чыкпай калып жатабыз. Лейлек районуна барганда жергиликтүү эл былтыр топтолгон 500 миллион сомдун 5 тыйынын да көргөн жокпуз деп жатат. Ушулар боюнча толук маалымат алышыбыз керек", - деди Икрамов.
21-сентябрга карата Баткен облусуна жалпы 1 053 тонна гумжардам жеткирилди. Анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
Ош облусунда - 44;
Жалал-Абад облусунда -12;
Нарын облусунда - 6;
Ысык-Көл облусунда - 69;
Талас облусунда – 43;
Чүй облусунда -12;
Ош шаарында –1;
Бишкек шаарында – 1.