Бүгүн президент Садыр Жапаров менен Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, өлкө лидерлери кыргыз-беларусь эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.