Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган 618 турак жайдын 453ү кайра курулат. Бул тууралуу Медиа штабдан кабарлашты.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак үй жарактан чыкса, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоосу чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект, алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 ФАП, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтүүчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.