Түмөнбаев: "Акылбек Жапаров отставкага кетиши керек"

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылды.

"Ар бир министр үчүн министрлер кабинетинин төрагасы жооп берет да. Ошол министрди өзү сунуш кылып, ушул татыктуу деп өзү министр кылып коюп атат. Бүгүнкү күндө министрлер пара алып кармалып жатат. Алар үчүн министрлер кабинетинин төрагасы жооп бериши керекпи? Ал отставкага кетиши керек", - деди ал.

Ошондой эле Түмөнбаев "Кумтөрдүн" мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү дагы Акылбек Жапаров бул үчүн өзүм жооп берем деп алып келгендигин, бүгүнкү күндө ал дагы камакта отурганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан