Атазов аэропортторду ижарага берүү маселеси кайрадан көтөрүлүп жатканын айтты

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун ижарага берүү маселеси кайрадан көтөрүлүп жатканын билдирди.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек жана Оштун аэропорттору жең ичинен ижарага берилүү алдында турат. Биз өткөндө дагы аталган аэропортторду ижарага берүүнү токтоткула деп айтканбыз. Берилбей турган болгон. Бүгүнкү күндө түн жамынып ушул иштер жүрүп жатат", - деди ал.

Эске салсак, 30-июнда парламент жыйынында депутаттар "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун ижарага түркиялык ишканага берүүсүнө каршы болушкан. Анда эл өкүлү Жанар Акаев министрлер кабинети түрктөрдүн анча белгилүү эмес компаниясы менен меморандум түзүү алдында тургандыгын, ага ылайык "Манас", "Ош" эл аралык аэропорттору 39 жылга түркиялык ишкананын башкаруусуна берилерин билдирип, стратегиялык объекттерди ижарага берүү абдан туура эмес экендигин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан