Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов быйыл кышында электр энергиясына чектөө болбойбу деген суроо менен энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевге кайрылды.
Айталиевдин айтымында, быйыл электр жарыгына чектөөлөр болбойт.
"Электр энергияны колдонуу боюнча чектөө тууралуу сөз дагы кылган эмеспиз" деп жооп кайтарды Айталиев.
Ошондой эле эл өкүлү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жана электр энергиясын импорттоо маселесине кызыкты.
"Учурда Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 600 миллион метр куб суу бар. Былтыр 1-октябрда бул көрсөткүч 12 миллиард 294 миллион метр куб болчу. Бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон талапты көрүп импортту токтоткон жокпуз. Анткени кышында суроо-талап эки эсе өсөт. Андан тышкары экономикалык категориялар: жаңы ачылган фабрика, заводдор дагы бар. Ошондуктан импорт маселесин четке кагып, карабайбыз деген абалга жете элекпиз", - деп билдирди министрдин орун басары.