Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин кол коюлган №42 протокол талкуунун чордонунда калды. Коомчулукта аталган протокол боюнча ар түрдүү кептер айтылууда. SUPER.KG порталы бул темада Баткен облусунун мурдагы ыйгарым өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов менен маектешти.
Маегинде эл өкүлү аталган протокол эмнеден улам кооптуу экендигин айтып берди.
"Ал жердеги өткөрмө-көзөмөл посттору алынса, аталган аймак мурдагыдай көзөмөлдөнбөй калат. Бул протоколдун аркасында тажик тарапка сойломо жол менен жаңы жерлерди өздөштүрүп, ээлеп алууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Чыр-чатактардын булагы ал посттор эмес, Тажикстандын бийлигинин саясаты", - дейт ал.
Ошондой эле Айжигитов Ворухта жашаган элде курал-жарак бар экендигин, анын айланасындагы посттордон аскерлерди алып кетүү менен Ворухтун тегерегиндеги айылдарда жашаган элге коркунуч жаралып жаткандыгын белгиледи.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>