Бишкекте токмоктолгон адамдын жансыз денеси табылды. Эркек кишинин жансыз денеси Интергельпо-Димитров көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн жанынан табылган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, каза болгон жаран 1971-жылы туулган Р.Н. аттуу тургун экени аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Милиция бул окуяга тиешеси бар шектүүлөрдү издеп жатат.