Ички иштер министрлиги жол кырсыгына кабылган айдоочуларды кырсык катталган жерден качып кеткен учурда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.
"Жол кырсыгы катталган жерден айдоочу жабырлануучуну атайлап таштап кеткен же качып кеткен гана учурда айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Эгерде жабырлануучуну ооруканага жеткирүү үчүн кырсык катталган жерден кеткен болсо, андай чара колдонулбайт. Анткени ал өлүмдөн сактап калуу аракетин көрүүдө", - деди ал.
Белгилей кетсек, аталган комитеттин жыйынында "Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда. Демилгечи министрлер кабинети. Мыйзам долбоорунун негизги максаты - жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулук тартипти бекемдөө, жол эрежелерин орой түрдө жана кайталап бузган айдоочуларга карата жоопкерчиликти күчөтүү болуп саналары айтылат.