Президенттик администрациянын маалымат кызматы өлкө башчы Садыр Жапаровдун кечээ, 4-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен өткөргөн жолугушуусунда эмне маселелер талкуулангандыгы туурасында билдирүү таратты.
"Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине жана "Кемпир-Абад" суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, район тургундары аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты",- деп айтылат анда.
Жолугушууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.