Бүгүн, 8-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.
Мекемеден билдиришкендей, жыйындын башталышында министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү: транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тааныштырылды.
Мындан сырткары жыйындын күн тартибинде 20 маселе, анын ичинде 2022-2026-жылдарга өлкөнүн расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы каралды.
"Бул документ ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтарды берүү максатында иштелип чыккан жана статистикалык өндүрүштү модернизациялоого багытталган.
Талкуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын кабыл алууну жактырышты", - деп айтылат маалыматта.