Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берди

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация маселеси каралды.

Анда аталган комитеттин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берди. Ага алты депутат макул болсо, төртөө каршы добуш берди.

Эми келишимге эки өлкөнүн президенттери кол коюшу керек. Андан кийин парламент ратификациялашы шарт. Аягында эң акыркы чечим президент тарабынан кабыл алынып, андан соң гана юридикалык түрдө күчүнө кирет.

Жыйын алгач ачык болуп жаткан, бирок катышуучуларга аудио, видео жаздыруучу жабдыктарды жана уюлдук телефон алып кирүүгө тыюу салынган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлдөрүнө маалымат берерде айтыла турган маалымат сыр бойдон сакталууга тийиш экендигин билдирип, жыйынды түз эфирден алып берүүнү токтотууну өтүндү.

Талкуу ачык өттү, ал эми добуш берүүгө келгенде жабык эшик артында уланды. Ташиев жыйын жөн гана макулдашуу үчүн өтүп жаткандыгын, эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин гана ратификациялоо үчүн парламентке алып келишерин жана ал жыйындар ачык болорун белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров маегинде: "Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан