Садыр Жапаров Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрүн планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады.

Ал өлкөнүн альпинизм боюнча улуттук курамасына Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, мамлекеттик тууну ушундай бийик тоо чокуларына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Садыр Жапаров альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирип, чың ден соолук, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

"Өз кезегинде кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти. Алардын арасында алтоосу кыргызстандык – Кыргыз Республикасынын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик",- деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы Гималайдагы Манаслу чокусун ушул жылдын 1-октябрында багындырышкан. Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуусу анын аталышынын символикалуулугу жана “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун белгилешти. Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун үстүнө көтөрүлгөнүн кабарлашты.

Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин “Манас” эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул көтөрүлүүнү Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арнашкан.

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Садыр Жапаровго Манаслу чокусунда илинген Кыргызстандын желегин тапшырышты. Манаслу чокусуна илинген дагы бир желекти альпинисттер тобу Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөөдө.

Маалымат үчүн: Манаслу чокусу же “Рух тоосу” 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан