Кыргызстан-Азербайжан фондун түзүү келишимине кол коюлду

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан-Азербайжан мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Баку шаарынын (Азербайжан Республикасы) ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Белгилей кетсек, Азербайжан президентинин иш сапары 12-октябрда аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан