Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов Транспорт жана коммуникациялар министрлиги сунуштап жаткан жолдорго акы төлөө боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштады.
"Транспорт министрлиги тарабынан сунушталып жаткан жолдорго акы төлөө боюнча мыйзамды биринчи окуудан эле өткөрбөй артка кайтаруу керек. Кыргызстандын сырткы карызынын жарымы Транспорт министрлигине келген. Жол оңдойбуз деп кредиттердин бардыгын ушулар алат. Келген кредиттерди жеп жаткан ушул Транспорт министрлиги. Эми жолго акы төлөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Муну артка кайтарып туруп, жакшылап иликтеп, комитеттен жакшылап электен өткөрүп, анан алып чыгыш керек",- деди Атазов.
Ошондой эле ал Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрмө жайында унаалардан акча алуу боюнча 12 кылмыш иши козголгонун кошумчалады.