Маматалиев Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү демилгесин сынга алды

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү демилгесин сынга алды.
"Мэрияга автобус, троллейбустарды алуу үчүн 100 миилион доллар кредит алып бердиргенбиз. Аны жол кирени көтөрбөсүн деген максатта кылганбыз. Тилекке каршы, бүгүн мэрия ал автобус, троллейбустарды алган жок, анысы аз келгенсип жол кирени көтөрөбүз деп жатат. Шылтоосу айлык көтөрүлүп жатат дейт. Ал мамлекеттик кызматкерлер ашып кетсе 30-40 пайызды түзөт. Бир колубуз менен айлыктарды көбөйтүп, экинчи колубуз менен жол кирени кымбаттатабызбы? Кана ошол акча? Ошол автобустар эмне болгонун карап чыгалычы. Болбосо тариф маселеси акырындап отуруп социалдык жарылууга алып келет. Жөнөкөй эл кыйналып жатат да, ансыз да азык-түлүк кымбаттады", - деди ал.
Маматалиев ошондой эле президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, мэрияга тарифти жогорулатпоо тапшырмасын берип коюшун өтүндү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан