Бүгүн, 12-октябрда Мурадил Сыдыков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Аны аталган комитеттин төрагалык кызмат ордуна бекитүүгө 80 депутат макул болду. Ал эми каршы добуш бергендер болгон жок.
Мурадил Сыдыков 1979-жылы 7-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун М.Баетов айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2001-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетин аяктап, инженер кесибине ээ болгон. 2018-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган. 2021-жылы "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.