Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда иш сапары менен Казакстанга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды. Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Бул эл аралык иш-чаралар 12-14-октябрда Астана шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан