Акылбек Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Бүгүн, 12-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Анкарадагы президенттик комплексте өткөн жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде экономика жана соода тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн учурдагы өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууда ошондой эле түрк тилдүү маданияттын жалпы тарыхый символу болуп калган Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы да талкуулангандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан