Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Орусиянын президенти Владимир Путин бейшемби күнү Астанада Тажикстан менен Кыргызстандын лидерлери Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Анын айтымында, Путин Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек арадагы жаңжалды талкуулайт. Андан сырткары, талаштуу болгон тилкелерде демаркациялык үч тараптуу иштерди баштоону сунуштай тургандыгын кошумчалады.
Ушаков белгилегендей, Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактайт жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессинде алгылыктуу жардам көрсөтүүгө даяр.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды. Ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Бул эл аралык иш-чаралар 12-14-октябрда Астана шаарында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан