Астана шаарында өтүп жаткан саммиттин ачылышы болду

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы тарабынан маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, Эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинин конокторун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин саммиттин ачылышы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан