Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев айрым депутаттар кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүп жатканын айтып, алардын аракетин сынга алды.
"Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстанда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбаш керек. Акыркы күндөрү биздин айрым кесиптештерибиз тарабынан "Азаттык", "Кактус", "Клооп" өңдүү эркин медиаларга ар кандай каралоолор, бут тосуулар болуп жаткандыгы аябай өкүндүрөт. Буга чейин унчукпай келдим. Ар ким өзүнүн ишин кылышы керек. Кайсы бир медианын ишмердүүлүгүн депутаттар чечеби? Эркин медиаларды каралаган төрт президент азыр каякта? Бийлик убактылуу. 5-10 адамды каржылап көчөгө чыгарып, эркин медиаларды каралаганды токтотушубуз керек. Ошол эркин медиаларды жабалыбы же аларды жабылсын деп демилге көтөргөн депутаттар мандатын тапшырсынбы деп элге суроо коёлу, эл кимди тандайт экен көрөбүз", - деди Акаев.
Ошондой эле ал Тажикстандын куралдуу кол салуусунда маалыматтык согушта Кыргызстандын алдыга чыгуусуна эркин ЖМКлардын салымы чоң болгондугун белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ айрым ЖМКлар Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө таянып, Надира Нарматова кээ бир басылмаларды жаптыруу үчүн депуттардын арасында кол топтоп жаткандыгын жазып чыгышкан. Ага улай эле бүгүн "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кеңсесинин алдында аталган медианын жабылышын талап кылгандар акцияга чыгышты.