Депутаттар тыныгуудан кийин келбей коюп, жыйын өтпөй калды

Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы түшкү тыныгуудан кийинки жыйыны кворум болбой калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

Эл өкүлдөрү саат 13:00дө түшкү тыныгууга чыгып, кайра саат 14:00дө келишмек. Вице-спикер Жамиля Исаева кайра 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялап, бирок анда дагы 40 гана депутат катталды.

Мындан улам күн тартибинде турган беш мыйзам долбоору каралбай калды. Анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды катаалдаштыруу жана Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан