Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов Тажикстандын кол салуусунда жабыркагандарга насыясы боюнча жардам берүү маселесин көтөрдү.
"Баткендеги Кулунду, Жаңы-Жер, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарынын тургундарынан кайрылуу келип түшүүдө. Коммерциялык банктардан буга чейин насыя алгандарга каникул берүү маселесин көтөрүп жатат. Көптөгөн жарандарыбыз үйсүз калды, качып чыкты. Ушуларга жардам бербесек болбойт”, - деди ал.
Белгилей кетсек, 7-октябрда Улуттук банк коммерциялык банктарды жана башка каржылык уюмдарды Тажикстандын баскынчылыгынан жабыркаган, алардан насыя алган кардарларына жардам берүүгө чакырган.