
Бүгүн, 13-октябрда Астанада өтүп жаткан Азия өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында
Жапаров, Путин жана
Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Жолугушууда Жапаров менен Рахмон кол алышып учурашпай коюшту.
Үч тараптуу жолугушууда президенттер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланышкан көйгөйлөрдү талкуулашат. Аны Орусиянын лидери демилгелегени маалым болгон.
Жолугушууда Владимир Путин сөз баштап бергенден кийин, тараптардын сүйлөшүүсү жабык режимде өтмөй болду.