
Бүгүн, 13-октябрда Астанада Азия өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында өтүп жаткан
Жапаров, Путин жана
Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Үч тараптуу жолугушууда президенттер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланышкан көйгөйлөрдү талкууламак. Аны Орусиянын лидери демилгелегени маалым болгон. Жолугушуунун басымдуу бөлүгү жабык форматта өттү.
Маалыматка ылайык, Жапаров Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
"Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду. Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды. Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Бул Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийинки Жапаров менен Рахмондун алгачкы жолугушуусу.